Жапаров: Өкмөттүн курамы өзгөрбөйт. Кумтөр ошол бойдон калат

Депутаттар резиденцияда чукул жыйынга чогулушту. Анда спикер Мыктыбек Абдылдаев отставкага кетип анын ордуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров шайланды. Садыр Жапаров өз сөзүндө өкмөт курамына эч кандай өзгөрүү кирбей тургандыгын айтты. Мындан тышкары «Кумтөр Кыргыз тарапка өтөбү» деген суроого ал Кумтөр алтын кени мамлекетке өтпөй турганын билдирди.