Саясат

Садыр Жапаров Кытайдын агенти менен бирге иштеп жатат

Бул тууралуу президенттикке талапкер Канат Исаев 6-январдагы теледебатта айтты. Көпчүлүк интернеттен талапкерлердин бири Кытайдын агенти деген видеотасманы көрүшкөнүн, андан тышкары Замандаш партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов көптөгөн фактыларды айтып бергенин билдирди.

«Менде мунун баарына көптөгөн далилдер бар. Биздин кесиптешибиз Жунус уулу Адыл Кытайда туулуп өскөн, бүгүнкү күндө губернатордун кызына үйлөнгөн, кайнатасы Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Анын бүт бизнеси кытайлык компаниялардан турат жана бул документтер менен тастыкталды», — деди Исаев.

Исаев ошондой эле Жунус уулу Адыл Кытайдын кызыкчылыгын коргоп жаткандыгын баса белгиледи.

«Ал өзүнүн атасын Кытайга көмгөн, ал эми бүгүн негизги талапкерлердин бири (Садыр Жапаров) Кара-Сууда жүргөндө «Адыл менин досум» деп айтты. УКМКнын кызматкерлери мага ал «Кытайга иштейт» деп ачык айтып жатышат, эгер ал ушундай адамдар менен дос болсо, анда Ал Кыргызстанды кантип башкарат, ошондуктан мен мамлекеттик комиссия түзүү керек деп мурда айткан элем. Анын артында Кытай фирмалары турат. Анын жубайы интервьюсунда атасы Кытайда губернатор болгон, Коммунисттик партиянын мүчөсү, туугандары баары Кытайда, анан кантип алар үчүн иштебейт деп айта алабыз?»

Жунус уулу Адыл деген ким? Өмүр баяны

Яндекс.Метрика