Жаңылыктар Саясат

Садыр Жапаров мамлекеттик мекеменин жетекчилигине өз кудасын койгону аныкталды

Садыр Жапаровдун 21-октябрдагы буйругуна ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчылыгына Турусбек Түмөнбаев дайындалган.

Factcheck.kg сайты Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун кудасы болорун аныктап чыкты.

Сайт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү, маркум Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Factcheck.kg негизинен интернетке чыккан күмөндүү кабарлардын так-аныктыгын текшерүү менен алектенет.

Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган. Учурда анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда.

Бул тууралуу кененирээк фактчект сайтынан окуй аласыздар.

Яндекс.Метрика