Жаңылыктар

Садыр Жапаров орус тили боюнча билдирүү жасады

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров орус тили боюнча билдирүү жасады. Ал бүгүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады.
Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот.
Мындан сыркары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек.»
— деди С. Жапаров.

Яндекс.Метрика