Жаңылыктар

Садыр Жапаров Ошто кулап түшкөн кыздан кечирим сурады

Бүгүн, 19-декабрь Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Алай эли менен жолугушуу учурунда колдоо көрсөтүп турган кыздардын бири эсин жоготуп кулап түшкөн.

Кечке жуук Садыр Жапаров өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу аны колдоп турган кыздардан жана алардын ата-энелеринен кечирим сурады.

«Бүгүн Алайда эл менен жолугушуу учурунда мага колдоо көрсөтүп турган колдоо тобундагы жаш кыздардан жана алардын ата-энелеринен, чын дилимден кечирим сурайм!
Кыздарга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, учурда өздөрүн жакшы сезишүүдө. Жеке мен, алардын керектүү жардам алышына кам көрөм. Ошондой эле, тарапташтарымдын берилгендиги жана бийик колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Балдарыбыздын ден-соолугу, биринчи орунда болушу керек!»,
— деп билдирүү калтырган.

Яндекс.Метрика