Саясат

Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырды

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна чукул президенттик шайлоо болгонго чейин президенттин милдетин аткаруучу катары премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаров келген.

КР Баш мыйзамына ылайык президенттин милдетин аткаруучу адам президенттикке талапкер боло албайт. Ошол себептүү Садыр Жапаров бүгүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды.

КР Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун билдирүүсү толугу менен:

«Урматтуу кыргызстандыктар!Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 15-ноябрда КР Президентин шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктайт. Мындан улам, КР Президенттигине талапкерлигимди коюу үчүн шайлоого аттанып, Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугумду тапшыруу чечимин кабыл алдым.Мен бул чечимди кабыл алып жатып, буга чейин Президенттин милдетин аткаруучу жана өлкөнүн премьер-министрлигине менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө ыраазычылыгымды билдирем.Айрыкча, мени колдогон бардык тарапташтарыма, өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалда туруктуулук үчүн мага жардамын аябаган жалпы кыргызстандыктарга башымды ийип, таазим этем. Сиздердин жардамыңыздар менен бийликти легитимдештирүү ишибизди көпкө создуктурбастан аягына чыгара алдык, рахмат. Өлкө укуктук талаага түштү.

Учурдан пайдаланып, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүнө, мамлекетибизде туруктуулук орношуна салым кошкону, ошондой эле менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, анын катарында өлкөбүздүн келечеги, биримдиги үчүн биринчилерден болуп кол сунган саясатчы Өмүрбек Бабановго жана анын тарапташтарына чоң рахмат, ошондой эле саясий амбициясын эмес, өлкө кызыкчылыгын өйдө коюп, менин Нарын областындагы штабымды жетектеп берүүгө макул болгон Алмамбет Шыкмаматовго рахмат айтам.Ошону менен катар, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелер боюнча кайсы саясий күчтөр болбосун, баарына ачык экенимди дагы бир жолу белгилейм.

Бизге бүгүн сүйүктүү Кыргызстаныбызды көп жылдык туташ кризистен алып чыгууга тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Жашасын, Кыргызстаныбыз!
«

Яндекс.Метрика