Саясат

Садыр Жапаров резиденцияны менчиктеп алганбы?

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине өз социалдык баракчасы аркылуу жооп берип сүрөтүн кошо жүктөгөн.

Бул маалымат чыгаары менен интернет колдонуучулар «Садыр Жапаров резиденцияда эмне кылып жүрөт, ал өз милдеттерин тапшырып бербеди беле?» деген сыяктуу сындар айтылууда.

Чынында президенттин жана өкмөт башчылык милдеттерин тапшырып бергенден кийин ал катардагы жөнөкөй жаранга айланат. Бул тууралуу ал өзү дагы бир нече жолу айткан.

Мындан тышкары сүрөттөн Жапаровдун артында штандартты көрүүгө болот. Штандарт бул-өзгөчө белгиси бар желек. Ал өлкө башчынын гана кабинетинде турушу керек. Булардан улам Жапаров учурдагы президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовго кабинетин өткөрүп бербегенин түшүнсө болот. Аны менен кошо бийликти деле бербеген өңдүү, демек ал өзү айткандай жөнөкөй жаран катары эмес президент катары шайлоого катышат.

Яндекс.Метрика