Кызыктуу

Садыр Жапаров социалдык тармактардан баш тарттыбы?

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы өзүнүн жеке баракчаларындагы болгон активдүүлүгүн токтоткону байкалды. Башка президенттерден айырмаланып Жапаров карапайым эл менен байланышуу үчүн социалдык тармактарды жакшы өздөштүргөнүн билип калган элек.

Президент октябрь айынан бери өзүнүн Инстаграм жана Фейсбуктагы баракчасын активдүү колдонуп келген. Жок дегенде жумасына бир жолу пост чыгарып тураар эле. Кээ бир колдонуучулардын комментарийилерине жооп берип да койчу. Акыркы бир айдан бери президенттен бир дагы пост чыга элек.

Жапаров интервьюларынын биринде социалдык тармактарда анын атынан атайын адамдар эмес өзү отураарын айткан эле.Акыркы жолу Фейсбук аркылуу депутат Дастан Бекешевдин дарегине сын айтып, ал коомчулукта катуу талкууга алынган. Эртеси президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун аккаунтуна чабуул болуп, белгисиз адамдар комментарий жазганын билдирген. Же ошондон кийин президент активдүүлүгүн токтотконбу, же жаз келип иш көбөйгөнүнөнбү, айтор белгисиз.

Эмнеси болсо да президенттин социалдык тармактарда активдүү отурганы көпчүлүккө жагаар эле. Ал жөн гана өлкөдө болгон расмий маалыматтарды эмес, селфи кылган, аскерде кызмат өтөгөн, достору менен түшкөн же тик учакта кетип бараткан сүрөттөрүн жүктөп турчу. Кээде интрига кылып «жакында баланчанын бетин ачам» деген сыяктуу постторду чыгарчу. Президенттин кайрадан Фейсбук менен Инстаграмга кайтып келишин күтөбүз…

Яндекс.Метрика