Садыр Жапаров Таласта эл менен жолугушууда кызматка орношкон кудалары тууралуу айтып берди
«Менин эки кудам Октябрь окуясынан кийин кызматка орношушкан, биз мамлекеттеги туруктуулукту сактап калуу үчүн 30-40 адамды алмаштырдык”, — деди Садыр Жапаров Талас облусундагы сүйлөгөн сөзүндө.

Президенттикке талапкер муну жашырбай, жоопкерчиликти өзү ала тургандыгын баса белгиледи.
Ал кызматка орношкон кудасынын бири жөнүндө мындай деди: «Бир кудам мага каршы оппозицияда болчу, ал Ата-Мекен партиясы менен шайлоого барган».
Белгилей кетсек, буга чейин Factcheck.kg сайты Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалгандан кийин кызматка орношкон эки кудасы жөнүндө жазган. Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы болуп 21-октябрда дайындалган. Дагы бир кудасы Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болгон.