Жаңылыктар

Садыр Жапаров Ысык-Көлгө казинонун ачылышын колдойт

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Кумарканалар Кыргыз жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда Кыргыз жарандарынын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат.

Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы өлкөдө калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат», — деп жазылат өлкө башчынын билдирүүсүндө.

Яндекс.Метрика