Жаңылыктар

Садыр Жапаров жаңы мэрди кызматтан алды

Бул тууралуу Садыр Жапаров жазып чыкты. Анан айтымында мындай кызматка таза адамдар келиши керек.

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес.» — деп жазган президент Садыр Жапаров.

Жарлыкка президент кол койгондугун аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматыкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн.

Яндекс.Метрика