Жаңылыктар

Садыр Жапаров жаңы жетекчилерди дайындады

Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтарга жаңы жетекчилерди дайындады.

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөт аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучу;

Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) ички иштер министринин милдетин аткаруучу;

Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Өкмөткө караштуу расмий gov.kg сайтында жайгаштырылган маалыматта Садыр Жапаров аты аталгандарды жогорудагы кызматтарга дайындоо тууралуу буйрукка кол койгону айтылган.

Яндекс.Метрика