Садыр Жапаровду Караколдо уюштурган шоу үчүн жарыштан алышы мүмкүн
Садыр Жапаров БШКдан Караколдогу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда театрлаштырылган оюн-зоок үчүн эскертүү алышы мүмкүн. Бул тууралуу шайлоочуларга маалымат берүү жана үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоо боюнча жумушчу топтун башчысы Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, маселе бүгүн топтун отурумунда каралды.
Белгилей кетүүчү нерсе, жолугушууда Жети акенин ролун аткарган актёрлор талапкерге батасын беришкен. Бул ушуну менен экинчи эскертүү, эгер БШК расмий түрдө эскертүү берсе анда Жапаров шайлоодон четтетилет.
Талапкердин өкүлү Александр Мощин бул мыйзам бузуу болгонун мойнуна алып, бирок Садыр Жапаровдун театралдаштырылган көрсөтүүнү уюштурууга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.
«Бул жарандардын өзүлөрүнүн демилгеси менен болду. Үгүт иш-чараларында театрлаштырылган көрсөтүүлөргө мыйзам тарабынан тыюу салынат. Бирок жумушчу топ мыйзам бузулган учурда талапкер өзү токтотсо болмок шоуну. Ошондуктан, БШКга бул ишти карап, Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды», — деди ал.
Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт.