Жаңылыктар

Садыр Жапаровду сындаган дебатты Ютубдан өчүрүп салышты

Бир күн мурун КТРКда президенттикке талапкерлердин 1-турдун акыркы дебаттары болуп өткөн.

Абдил Сегизбаев, Бабыржан Толбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асанов, Равшан Джээнбеков жана Улукбек Кочкоров дебатка катышкан.

Эмнегедир КТРКнын жетекчилиги ал эфирди YouTube каналынан алып салган. Себеби азырынча белгисиз, бирок интернет колдонуучулары ал дебатка келгендер Садыр Жапаров тууралуу катуу сындарды айтышканынан улам болгонун болжолдошууда. Дебатта Абдил Сегизбаев бир топ курч мүнөздөгү сындарды Садыр Жапаровдун дарегине жолдогон.

БШК бул маселени ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобу карай тургандыгын түшүндүрдү.

Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Яндекс.Метрика