Жаңылыктар

Садыр Жапаровдун адамдары Кара-Суунун элин коркутушканы боюнча териштирүү башталды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна «Жалпы иш» коомдук фондунан билдирүү келип түштү.

Анда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында спорттук дене түзүлүштөгү эркектер үймө-үй кыдырып, эгерде президенттикке талапкер Садыр Жапаров көпчүлүк добуш албаса күч кодоноорун билдиришип, физикалык зомбулук менен коркутканы айтылат. Топтун мүчөлөрү материалдарды Ички иштер министрлигине жөнөтүп, Башкы прокуратурага жана Кара-Суу БШКсына кабарлашкан.

Алар алынган маалыматты текшерип берүүнү суранышты. Эске салсак, мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум ошол эле күнү — 10-январда өткөрүлөт.

Яндекс.Метрика