Жаңылыктар

Садыр Жапаровдун эң активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2020-жылдын 15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Бакай Кашкарбаев сот жана прокурорлорго карата зомбулук көрсөтүү коркунучун билдирген видео материалдары өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

2020-жылы 15-ноябрда Бакай Кашкарбаев Чолпон-Ата шаарында жүргөндө белгисиз адамдар тобу менен Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын башчысына карата коркутууларын видеотасмага жазып алган. Мындан тышкары активист жалпы элди көтөрүүгө чакырып, «башын жулуш керек, жанчыш керек, көзүңөрдү чукуйбуз» деп айткан.

«2020-жылдын 16-ноябрында ал Ысык-Көл райондук сотундагы тартипти бузуу фактысын чагылдырган видео жарыялаган. Ал райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнө кирген. Мындан тышкары видеодо Кашкарбаев провокация жолу менен сот приставдары менен оозеки урушкан.

17-ноябрда Каракол шаарында Кашкарбаев бир топ адам менен Каракол шаардык сотунун административдик имаратынын аймагында тартипти бузууга багытталган аракеттерин уланткан. Ал өз сөзүндө Ысык-Көл облустук сотунун судьясы А. Апышевге жана облустук прокуратуранын башчысы А. Нышановго карата ачык коркутуу сезимдерин билдирген.

Белгилей кетсек Бакай Кашкарбаев Садыр Жапаровдун эң активдүү колдоочусу болуп келген.

Яндекс.Метрика