Садыр Жапаровдун оң колу болгон Мелис Аспеков акча алуу фактысы менен УКМКга түштү
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (АКС) тарабынан жарандык активист Мелис Аспеков кармалды. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду.

Маалыматка таянсак, ага карата «Алдамчылык», «Акча талап кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. УКМКнын кызматкерлери аны 8-январда кармап кеткен.
Буга чейин УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активистти кармаганын билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Булар Мелис Аспеков менен Улан Джураев экени айтылууда.

Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун эң жакын адамдарынын бири.