Видео Жаңылыктар Кызыктуу

Садыр Жапаровдун жаңы жылдык кайрылуусу кантип тартылган?

Буга чейин «Кактус медиа» сайты жана айрым социалдык тармактын колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык кайрылуусу атайын жасалган видео экенин жазып чыгышкан. Тактап айтканда Баткен шаарына барбай эле жашыл фондо монтаждап тартылган деген божомолдор айтылган. Буга мисал катары шамал болбой турса дагы желек тынымсыз желбиреп, бактар кыймылдабай турганын, куштардын сайраганын, президенттин көлөкөсү көрүнбөй турганын айтышкан.

Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун Кыргызстан элине жаңы жылдык кайрылуусу кантип жазылып жатканын көрсөткөн видеону жарыялады.

Ал кайрылуу Баткенде эмес, хромакейде (жашыл фондо) жасалган деген айрым дооматтарга жооп катары видеону жайгаштырган.

Видеодо кайрылууну жазууга даярдык көрүлүп, жайгашкан жер кайрылууда көрсөтүлгөнгө дал келет – бул Баткен шаарынын борбору. Түн болуп турганына карабай, видеодо канаттуулардын катуу сайраганы угулуп турган.

Яндекс.Метрика