Саясат

Сахалинде добуш берүү аяктады. Ат чабым алдыга кеткен ким?

Саат 16:00гө карата бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420ны түзөт. Саат 16:00гө карата 829 миң 171 шайлоочу добуш берди.

Орусиянын Сахалин аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аяктады. Добуш берүүнүн жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Сүрөттө көрүнгөндөй, Сахалиндеги алдын ала жыйынтык боюнча, 76 добуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы лидер болууда. «Ишеним» партиясы 32 добушу менен экинчи орунга жайгашса, «Ыйман Нуру» партиясы 16 добушу менен үчүнчү орунда. Кыргыз өлкөсүндө добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө жарыялана баштайт.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлоого 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Яндекс.Метрика