Кызыктуу

Салт бузулган жок. 5 президент тең 61 жашында кетишти

Эгемендүүлүк алгандан бери 5 президент өлкөнү башкарды. Эң кызыгы, 5 президент тең 61 жашында кызматтан кетишкен.

1. Аскар Акаев — 1944-жылы туулган. 2005-жылы 61 жашта болчу. Учурда Акаев Орусияда.

2. Курманбек Бакиев — 1949-жылы туулган. 2010-жылы өлкөдөн качканда ал 61 жашта болчу. Азыр ал Беларусь өлкөсүндө жашап жатат.

3. Роза Отунбаева — 1950-жылы туулган. Ал Алмазбек Атамбаев шайланып келгенче иштеп турган. Атамбаев президенттикке келгенде Отунбаева 61 жашта болчу.

4. Алмазбек Атамбаев — 1956-жылы туулган. 2011-жылдан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргыз өлкөсүнүн президенти болгон. 2017-жылы ал да 61 жашта болгон.

5. Сооронбай Жээнбеков — 1958-жылы туулган. 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Ал туура 3 жыл иштеди. 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кетти. Ал 16-ноябрда 62 жашка чыгат. Азыр ал 61 жашта.

Яндекс.Метрика