Жаңылыктар

Сапар Исаков каякта жашынып жатканы белгилүү болду

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кайсы жакта экени белгилүү болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал узак убакыттан бери алгачкы жолу үн катты.

«Урматтуу мекендештер, эртели кеч чындык жарк этип такталат. Мен ишенем акыйкат сөзсүз орнойт» деп жазган ал. Ал жазган постунун үстүнө Москва, Кремль деп жазып койгон. Эске салсак Исаков ЖЭБ жана тарых музейин реконструкциялоодо коррупция боюнча камалган. 4-октябрдагы төңкөрүштө абактан качып кеткен боюнча дайынсыз кеткен.

Яндекс.Метрика