Жаңылыктар

Сары-Челек коругунда маралды өлтүрүп, терисин сыйрып салган адамдар кармалды

Сары-Челек биосфералык коругунда браконьерлер маралды өлтүрүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган беш жаштар чамасындагы эркек маралдын сөөгүн союп салган топ адамдар кармалган.

«Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке текшерүү жана аймакты тинтүү учурунда ок атуучу курал табылган эмес. Материалдык далил катары малдын териси, башы жана өлүгү алынган. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп билдирди министрлик.

Министрлик кийик кызыл китепке киргенин эскертти. Жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн айып 1 миллион сом, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөт.

Яндекс.Метрика