Жаңылыктар

Сатуучуну сабаган спортчу Тилек Батыров жашынып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад шаарындагы соода борборунда 11-июнь күнү белгисиз адам курулуш материалдарын сатуучу менен уруша кетип, аны сабап, денесине залал келтирген.

Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, жабырлануучунун жаагы сынган.
Ишкер милицияга арыз менен кайрылган. беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгү 3-б «Бейбаштык ниеттен ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 1991-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну, аралаш мушташ боюнча мелдештерге катышкан спортчу Тилек Батыров экени аныкталган. Бирок шектүү тергөөдөн качып кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери Батыровду Жалал-Абад облусундагы конуштардын биринин аймагынан туугандары менен жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин аралаш мушташ боюнча мушкер бейбаштык максатында мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелип жатканы маалымдалган.

Яндекс.Метрика