Жаңылыктар

Саясатчы Болот Шер каза болду! Өмүр баяны

Бүгүн 21-июнь күнү мурдагы депутат Болот Шер 61 жашында каза болду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жаткан. Акыркы сапарга узатуу аземи Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтө турганын бир тууган иниси Садык Шер-Нияз жазды.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүндө ички иштер министри кызматын аркалаган.

2010-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен «генерал-лейтенант» наамы ыйгарылган. Эл аралык “Көк-Бөрү” федерациясынын негиздеген. Бул оюнду дүйнөлүк олимпиада оюндарына киргизем деген ниети бар болчу.
2000-жылдары Аскар Акаевди катуу сындап күчтүү каршылаш болуп келген. Мындан тышкары ал күчтүү оратор болгон.

Яндекс.Метрика