Жаңылыктар

Саясатта достук жок. Экөө бирикти

Экс-премьер-министр Темир Сариев жетектеген “Ак Шумкар” партиясы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге барары анык болду. Маалыматты партиянын лидери Темир Сариев таратты.

Ага ылайык, эки саясий күчтүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, принципиалдуу маселелер боюнча мунаса тапкан соң шайлоого бирге аттанууну чечишкен.

Темир Сариев буга чейин “Ата Мекен-Жаңы дем” альянсы менен шайлоого барарын жарыялап, кийин андан чыккан. Анын себеби Сариев расмий түрдө түшүндүрө элек. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси аркылуу бир катар саясатчылар барары белгилүү болгон.

Алардын арасында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев, экс-депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу жана башка бир нече саясатчы бар болчу.

Яндекс.Метрика