Жаңылыктар

Сеид Атамбаев: «Балдарым чоң атасы жок өсүп жатышат…»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кичинекей небереси Алмир менен түшкөн сүрөтүн кечээ Фейсбук баракчасына жарыялаган. Сүрөт көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп, түрлүү пикирлер айтылды.

Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сеид Атамбаев таасирдүү сүрөткө реакция жасап, өзүнүн балдарынын сүрөттөрүн жарыялады.

«Ыйлата турган сүрөт! Ташиев небересин кандай кылдаттык менен, мээрим менен, чынчылдык менен, адамдык сапатта кармап турат, анткени ар бирибиз атабыз, чоң атабыз! Балдарым да сүйүктүү чоң атасысыз чоңоюп жатышат, балким анын мээрими, көңүлү, камкордугусуз чоңоюшат! Чынын айтсам, алар да сагынып жатышат, адам катары”, — деп жазды Сейид Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына.

Яндекс.Метрика