Гороскоп

Сентябрь айына жылдыз төлгө

2020-жылдын сентябрь айына гороскоп

Токту

Токтулар  бул айда арбын түйшүк тартышат, көпчүлүк маселелерди чечүүгө тырышкан токтулар чечүүгө убакыт, акча табышпай кыйналышат. Айдын ортосунда кубанычтуу кабарларды угуп, жашоонун жакшылыгына чалкып, Кудайга миң мертебе ыраазы болушат. 

 1, 16, 23, 30-күндөрү абайлаңыздар.

 12, 20, 27, 28 бактылуу күндөр.

Букачар

 Ай жаңы иштердин башталышына жол ачат. Бул айда букачарлар оор жумуштар менен катар акыл эмгегине байланыштуу иштерди да жасашып чарчап чаалыгышат. Жолугушуулар, таанышуулар, ар кандай күтүлбөстүктөр менен букачарлардын жашоосу шаңдуу болот.

1, 11, 24, 30 оор күндөр.

8, 13, 23, 25 бактылуу күндөр.

Эгиздер

Иш жаатында эгиздер чоң ийгиликтерге жетишет. Бул айда маалымат алуу, жаңы долбоорлор менен иштөө абдан жеңил жана пайдалуу болот. Жеке кызыкчылыктарды канааттандырууга да ыңгайлуу учур табылат. Өнөктөштөр менен кырдаал курчуйт. Ашказандын иштешине көңүл буруңуздар

4, 17, 21, 30-күндөрү абайлаңыздар.

2, 11, 13, 22 күндөрү ийгилик коштойт.

Бөйөн

Ай тынч жана жакшы окуяларга жыкжыйма. Жаңы тааныштар менен абайлап мамиле жасаңыздар. Жакын адамдарыңызга жардам берүү милдетин моюнга алып, жоопкерчиликтүү болушуңуз керек. Ай ичинде каражат керектелет, чыгашалар кирешеге караганда басымдуу болот.

1, 14, 16, 24 жагымсыз күндөр.

9, 18, 22, 27 бактылуу күндөр.

Арстан

Ай ичинде иш жаатында кыйын кырдаалдар менен катар кызыктуу учурларды баштан кечиресиз. Таарынышкан өнөктөштөр жарашып, сүйүүлөрү бекемделет. Акчаны көп короткон менен киреше же сыйлык алышыңыз мүмкүн.

6, 12, 19, 29 күндөрү абайлоо зарыл.

8, 11, 25, 27 числодо ийгилик коштойт.

Бийкеч

Көп иштер менен катар жоопкерчилик моюнга илинет. Ушак айыңдар чыгышы да мүмкүн. Бирок, ызы-чууга аралашпай, анча-мынча сөздөрдү көңүлгө албай деле коюшса болот. Ай бою ден соолукка көңүл буруп, алдын алуу системасына дарылануу керек.

4,15, 24, 29-күндөрү абайлаңыздар.

3, 13, 14, 25 бактылуу күндөр.

Тараза

Бул айда баары жайына келет. Таарынышкан түгөйлөр жарашып, кеткен чыгымдар киреше менен толукталып, бузулган келишимдер кайра жаңыртылат. Ай таразаларга жагымдуу окуяларды тартуулайт. Сүйүшкөндөрдүн мамилеси чыңдалат, чечилбей келаткан маселелер  чечилет.

11, 14, 21, 25, 28-күндөрү абайлаңыздар.

8, 12, 19, 27 күндөрү ийгилик коштойт.

Чаяндар

Чаяндар бул айда элдин баарына керек, тууган-туушкандарга, досторго, кесиптештерге. Чаяндардын  магниттик тартуусу күчөйт да абдан жагымдуу аурага ээ болушат. Жаңы таанышуулар, күтүлбөгөн жолугушуулар болот. Сүйүшкөндөрдүн мамилеси бекемделип, чогуу жашай башташат.

6, 14, 24, 28- күндөрү кооптуу.

7, 20, 23, 30 күндөрдө ийгилик жылоолойт.

Жаачы

Бул айда ден соолукка кам көрүп, организмди кышка даярдоо дарылоо ыкмаларын пайдаланышат. Жаачылар ишкер байланыштарды күчөтүп, ишке баш-оту менен киришет. Өнөктөштөр  жаачыларга кубанычтуу көз ирмемдерди тартуулашат.

2, 14, 21, 30-күндөрү кооптуу

11, 18, 25 –күндөр кубанычтуу.

Текечер

Ай абдан түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү окуяларга туш келген кырдаалдар моралдык жактан чарчатат. Бул айдын этегинде ден соолукка көңүл буруу керек. Айдын ортосунда текшерүүлөрдөн кийин, жетекчиликтен карама-каршы пикирлерди угушуңуз мүмкүн.

3, 7, 12, 20 -күндөр кооптуу

5, 13, 21, 29 күндө абдан ийгиликтүү

Суу куйду

Эски тааныштар менен жолугушуу жашооңузду жаңы нукка бурат. Бул айда алыска сапар тартуу менен  бир топ маселелерди оңунан чечип, акча табасыздар. Ден соолукка көңүл буруу зарыл, эски илдеттер козголот.

4, 7, 18, 23-күндөр кооптуу

2, 17, 19, 27-күндөр ийгиликтүү.

Балыктар

Жаңы иш баштап, акчаны көп сарптоого туура келет. Ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга көп күч кубат коротосуз. Убакыттын көпчүлүгү үй тиричилигине арналат. Эски тааныштар менен жолугушуп, конокко барып же мейман тосуу ай ичинде көп болот.

4, 17, 25, 28-күндөр кооптуу

5, 9, 20, 24-бактылуу күндөр

Яндекс.Метрика