Шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат.

Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат.
“Президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнүн эрежелери жана ченемдери конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн, мындан тышкары аларга мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз эфирдик убакыт берилет”
Белгилей кетсек, БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкерди каттаган.