Жаңылыктар

Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү башталды

Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү бүгүн, 3-октябрда эртең менен саат 8:00дө башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоого бир күн калганда партиялар жана талапкерлер үгүт иштерин жүргүзө албайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 557 856. Алар шайлоого катыша албайт.

Яндекс.Метрика