Саясат

Шайлоо болбой калды. Депутаттар жайга чейин иштешет

6-чакырылыштын депутаттары мөөнөтү бүткөнүнө карабай иштешүүдө. Буга себеп өлкөдөгү саясий кырдаал. Кыргызстанда президентти жана парламентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндөгү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бүгүн, 22-октябрда ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде үч окууда жактырылды.

Бул мыйзамга ылайык өлкөдөгү парламенттик жана президенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин гана өтөт. Реформа 2021-жылдын 10-январына чейин болоору айтылды. Шайлоолор ошондон кийин гана өтөт. Өлкө бюджетинде 36 миллиард сомдун тартыштыгын дагы депутаттар эске алып ушул кадамга баргандарын билдиришти.

Буга чейин 20-декбарга деп белгиленген парламенттик шайлоону белгилөөнү БШК жокко чыгарды.

Депутаттар 2021-жылдын июнь айына чейин иштеше турган болду.

Яндекс.Метрика