Саясат

Шайлоо мыйзамдарына өзгөрүүлөр кирди. Форма 2 жоюлду

Бүгүн, 21-октябрда Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунушталган.

Өткөн шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузулуп, 500 миңдей адам ары-бери ташылган. Жыйынтыгы төңкөрү менен аяктаганын баарыбыз билебиз. Эми депутаттар бул мыйзамды 2-3-окууда карашат.

Яндекс.Метрика