Жаңылыктар

Шайлоочу жасалма деп бюллетенди тытып ыргытып салды

Шайлоо участогунда добуш берүү бланктарын алуучу шаймандар иштебей тургандыгы аныкталды.

Бишкекте №27-мектептеги 1220 шайлоо участогунда аппараттын иштебей калгандыгы аныкталды. Эки шайлоочу бюллетендерди урнага таштай алган жок. Аялдардын бири бюллетенди айрып, жасалма бланктар бар экендигин айткан.

Операторлор ачууланган жарандан кайтып келүүнү суранышты. Учурда тиешелүү акт түзүлүп жатат.

Яндекс.Метрика