Жаңылыктар

Шайлоого даярдык. Милиция элден куралдарды алууда

Ички иштер органдары алдыдагы президенттик шайлоого үгүт иштери башталгандыгына байланыштуу куралдардын ээлерин текшерүүнү күчөттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Профилактикалык иш-чаралар 15-декабрда башталган.

«Жыл башынан бери ички иштер органдары мыйзамсыз жүгүртүүдөн 125 ок атуучу куралды, эки пулемет, эки тапанча, ар кандай түрдөгү 35 мылтык куралы, 62 жылмакай ок атуучу курал, 16 газ менен атылчу травматикалык тапанча, төрт пневматикалык курал жана төрт мылтык алып чыккан».

Министрлик жыл башынан бери калк өз ыктыяры менен милицияга 92 даана курал тапшыргандыгын белгилейт.

ИИМ ошондой эле шайлоо учурунда ок атуучу куралды алууга уруксат берүү токтотулуп, өлкө боюнча курал-жарак саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү чектеле тургандыгын маалымдайт.

Яндекс.Метрика