Жаңылыктар

«Шрек» деп атаганы үчүн сабаган кыздарга Сот өкүмү чыкты

Ушул айдын башында «шрек» деп атаганы үчүн кызды сабаган видео интернетке тараган. Ал боюнча кылмыш иши козголуп сот өкүм чыгарды. Жалал-Абад шаардык соту эки кызды бейбаштык үчүн 5 жылга эркинен ажыратты.

26 жаштагы З.М. 8-сентябрдан бери Жалал-Абад шаарындагы №53 аялдар колониясында камакта. Ош облусунда туулган, орто билимдүү, ажырашып кеткен, бир баланы энеси.

Экинчиси 23 жаштагы А. кызы Н. 18-сентябрдан бери үй камагында. Ош облусунда туулган, орто билимдүү.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 18-август күнү саат 14:00 чамасында алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин бул ишке катышкан эки адам Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы жашаган курбусуна келишкен. Алардын ортосунда уруш чыгып, жабырлануучуну кыздар жерге жаткырып алып ур-токмокко алышкан. Кыздар өздөрү менен кошо ашкана бычагын алып келишкен, аны кыздын кекиртегине такап өлтүрөм деп коркутушкан. Кыздардын бири ал нерсени тасмага тартып алган.

Кыздардын сабаган видеосу:

Яндекс.Метрика