Окуялар

Сиңдим байга тийген. Байга тийген балээ турбайбы

Саламатсыздарбы. Ичиме батпай, айтаарга киши таппай жаткан көйгөйүмдү сиздер менен бөлүшө кетсем дейм. Менин бир тууган сиңдим 1,5 жыл мурун күйөөгө тийген. Экөө көп жыл сүйлөшүп анан үйлөнүштү.

Себин колдон келишинче бердик, өзү да анча-мынчасын дайындап койгон. Экөөбүз бир канча жылдан бери иштеп отуруп чогулткан акчабыз бар эле. Сепке жана башкаларына жалпы 500 миңдин тегереги кетти, күйөөгө тийгенде мен аябай сүйүнүп бактылуу болгом. Бала жакшы, кайын журту деле түзүк эле адамдар эле. Бир кемчилиги — биз кедей эле жашайбыз алар жакшы турушат.

Тойдо бизди аябай сыйлап 10 кой уй, жылкы иши кылып аябай коноктоп, ресторанга 700 киши чакырышты окшойт. Биз аябай өзүбүздү ыңгайсыз сездик. Эми биз кантебиз биздин атабыз жок. Апабыз айылда жашайт, иштебейт биз жардам берип келебиз ушул күнгө чейин. Ушундай той-салттын эмне кереги бар эле деймин да.

Эми кайненеси күн көрсөтпөй атат экен «качан чакырасыңар» деп улам айтып жатыптыр. Байкуш сиңдим ушундай сөздөрдү күнүгө угуп кантип чыдап жашап жатты экен деп көп ойлоном.

Азыр шартыбыз жок чакыра албай жатабыз. Аларга окшоп уй, жылкы, кой союп тосконго мүмкүнчүлүк жок. Күндө ойлоном эмне кылсак деп, менин өзүмдүн жашоом бар 100, 200 миң берип койгудай шартым жок. Ушундай салт, той аштар жок эле болсо болмок дей берем. Чет өлкөдөгүдөй эле жакындарды чакырып, туугандар менен таанышып койсок болбойбу деп ачуум келет. Кимде ушундай болгон, бул абалдан кантип чыксак болот? Ойлоруңар менен бөлүшө кеткилечи… Аноним

Яндекс.Метрика