Видео Дүйнөдө

«Силерди кууп чыгыш керек!» Москвада такси айдаган кыргыз жаранын орус аял сөгүп, урушту

Жүздөгөн кыргыз жарандары Москвада такси кызматында иштешет. Алар түрдүү окуяларга кабылган учурлары болот.

Акчасын, баштыгын унутуп кеткен кардарларга үйүнө чейин издеп таап алып барып бергендери бар, күнү-түнү уктабай иштеп көчөдөгү элди койдуруп кеткен учурлар да катталган.

Бул жолу кыргыз айдоочунун унаасына отурган орус аял жинденип, мигранттарга нааразы экенини айтып отурганын көрүүгө болот.

Видео социалдык тармактарда тарап жаткан учуру. Анда орус аял айдоочуну сөгүп, «силер келип биздин жумуш орундарды тартып алдыңар, силердин айыңардан биз жакыр жашап жатабыз.

Баарыңарды кууп чыгыш керек!» деп айтып жатканын көрүүгө болот. Кыргыз айдоочу болсо унчукпай гана унаасын айдап бара жатат.

Видео:

Дагы окуңуз:

Яндекс.Метрика