Жаңылыктар

«Сизди мактап бүтпөйт эле». Жапыкеев президенттен абактагы Мелис Аспековго ырайым сурады

Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев абакта жаткан активист Мелис Аспековго ырайым берүүнү президенттен өтүндү. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу Президент. Сизге тун ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылуу кылууну туура кордум.
Мен Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаныз кайтыш болгондо Туптон похорондон таанышкам. Сиз жонундо сизди мактап бутпойт эле, сиздин ээн биринчилерден тарапташыныз, ининиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчумун. Мени Бир нече жолу Мекенчил партиясына чакырган.

Болду андан башка митингдерден эле корчумун. Акча, бийлик тууралу эч суйлошконда эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда Бир доллар ойногон эмес.
Былтыр революция куну ээн чырылдаган ушул жигит эле, сизди турмодон чыгарыш учун абдан чоон мээнет кылганын билем. Жанынызда бир айга жакын журду, анан эле камалды 250 мин Дашковтон алды деп камалганын уктум, интернеттен кордук. Чынында кандай боогонун билбейбиз.
Бирок, 250 алган куну деле, акча келтирилген ущерб нак тергоодо туратда, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервтин айынан ото начарлап кетти деген маалыматты ютубтан кордум.


Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич отунот элек, ушул жигитке жаман болду турмодо, турмодо жылан жатпасын Мелиске ырайым корсотунуз, камактан чыгарып берсениз туура болмокко деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков жаман жигит эмес.

Кандай болгон кунуда бул Сиз учун мени менен да телефондон катуу урушканбыз.
Турмодо жатып чарчап калса балдары уйбулоосуно убал. Ырайымдуулук, кечиримдуулук, айколдук корсотунуз Урматтуу Садыр Нуркожоевич. Уйкамагына чыкса дурус болот эле.» — деп жазган Жапыкеев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика