Жаңылыктар

Сочиде Путин менен Жээнбеков жолугушту

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында жолгушту. Анда Орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн, соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды.

Владимир Путин: Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын!

Пандемияга байланыштуу сапарыңызды жылдырууга аргасыз болуп келгенбиз. Бирок кандай болсо дагы иш жүрө берет, жашоо улана берет. Жакында, сентябрь айында Бишкекте соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында толук форматтагы жолугушуу болуп өттү.

Сизди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума абдан кубанычтамын. Алгач акыркы бир жыл ичинде бизде товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалганын айткым келет. Ошол эле учурда Кыргызстандын импорту, биз үчүн экспорттун көлөмү болуп, 25 пайыздан ашыгыраак көбөйгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч.

Заманбап шарттар, түзөтүүлөр киргизилип жатканы айдан ачык, ошентсе да биз туура багытта ишенимдүү бара жатабыз. Сиздин өтүнүчүңүзгө ылайык буудай менен камсыздоону көбөйттүк. Жалпысынан биздин өлкөдө айыл чарба продукцияларын жеткирүүнүн көлөмү көбөйүүдө. Бул багытта биз алдыга карай олуттуу кыймыл жасай алабыз.

Калган бардык маселелер боюнча биз бүгүн сиз менен кененирээк сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

Биз аймактык эл аралык уюмдарыбыздын иш-чараларына активдүү катышып жатабыз. Жана сиз менен жолугушуу, аймактагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүү жана эки тараптуу кызматташуубуз жөнүндө сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума абдан кубанычтамын.

Сиздин аракеттериңизди, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий стабилдештирүү боюнча аракеттерин биз колдой тургандыгыбызды билесиз. Сиздин аракеттериңиздин аркасында ал мындан ары да улана берет деп терең ишенебиз. Биз өз кезегибизде сизди мамлекет башчысы катары, ал эми Кыргызстандын элин сиз өлкөнүн өнүгүшү үчүн койгон алдыга койгон чоң максаттарды ишке ашырууда колдоо көрсөтүү үчүн бардыгын жасайбыз.

Дагы бир жолу кош келдиңиз. Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын.

С. Жээнбеков: Урматтуу Владимир Владимирович!

Сиз менен жолугушканыма чын дилимден кубанычтамын. Жумуш убактыңыздын көптүгүнө карабастан сиз Кыргызстанга ар дайым убакыт жана көңүл бөлөсүз. Бул биздин өлкө үчүн саясий жана экономикалык жактан чоң колдоо. Орусия бизди дайыма колдоп келген. Бул сиздин жеке эмгегиңиз, сиз Кыргызстандын чын ыкластуу, улуу досусуз. Кыргызстан эли мунун бардыгын билет, эсинде жана жогору баалайт. Мындай колдоо үчүн сизге Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем.

Кыргызстан ар дайым Орусияны чыныгы дос, союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары билет. Биз аны өзгөчө ушул оор мезгилде сездик. Сиздин жардамыңыз менен биз өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыра алдык.

Коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны биринчи болуп каттаганыңыздар менен сизди дагы бир жолу куттуктайм, бүткүл адамзат ушул күндү күткөн, биз аябай кубандык. Орусиялык вакцина биздин жарандарга жеткиликтүү болот деп ишенебиз.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан рекорддук насыя катары 100 миллион доллар бөлүнгөндүгү үчүн чоң рахмат, бул биздин экономика үчүн абдан маанилүү колдоо болду. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө Газпром дагы, Кыргыз-Орусия Фонду дагы салым кошуп келет.

Орусиянын жардамы менен биз өткөрүү пункттарыбызды модернизациялоону бүтүрүп жатабыз, иш аяктап калды. Орусиянын жардамы менен, Сиздин жардамыңыз менен, биздин өлкөдө товарларды маркировкалоо жана байкоо жүргүзүү, салык инспекциясынын маалымат тутуму башталды.

Сиз айткандай кечээ 22-өкмөттөр аралык комиссия өттү. Абдан жемиштүү болду, балдар жакшы иштешти, мен (ЭПКнын Орусиялык бөлүмүнүн төрагасы Алексей Оверчук) Оверчук менен жолуктум.

Албетте, Владимир Владимирович, Кыргызстандын эли сиз менен болгон жолугушуубуздан көп нерсени күтөт. Белгилүү болгондой, айрыкча парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө каршы турган ар кандай күчтөр активдешти. Алар Кыргызстандын эгемендигине (кол салууга) аракет кылышат жана биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет. Албетте, биз аларга жол бербейбиз, алар ийгиликке жете алышпайт, анткени Орусиянын бизди колдоосу эң негизгиси, абдан маанилүү жана мен бул үчүн сизге ыраазымын. Биз ар дайым тарыхый достук мамилелерибизди баалайбыз, алар кылымдар бою сакталып келген.

Сиз менен учурдагы көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн, жылуу кабыл алганыңыз үчүн, меймандостугуңуз үчүн рахмат.

Владимир Путин: Сооронбай Шарипович, билесизби, биз эч качан коңшуларыбыздын же деги эле башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпейбиз. Бирок биз ар дайым кырдаалды турукташтырууга, бардык саясий күчтөрдүн ортосундагы толук кандуу диалогду жүргүзүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз, азыркы өкмөттү кырдаалды турукташтыруу ниетин ар дайым колдойбуз, ошондой эле биз Кыргызстанга карата туруктуу мамиледе болобуз, анын ичинде экономикалык колдоо көрсөтөбүз.

Ар дайым биздин жолугушууларыбызда сиз Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандарын колдоо маселесин көтөрүп келе жатасыз. Буга байланыштуу биз бир катар так чечимдерди кабыл алдык, биз сөзсүз түрдө ушул теманы талкуулоону улантабыз, сиз көтөргөн жана бүгүнкү жолугушуу учурунда көтөрө турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз.

Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Дагы бир жолу кош келдиңиз.

Түшкү тамак учурунда биз бүгүнкү сүйлөшүүгө ылайыктуу деп эсептеген бардык маселелерди жайбаракат талкуулай алабыз.

Сиздин Европа өлкөлөрүнө дагы иш сапарыңыз бар экендигин билем. Ушул жаатта дагы ийгиликтерди каалайм.

С. Жээнбеков: Рахмат.

Яндекс.Метрика