Ден-соолук

Согуш жакында токтойбу? Орусия олуттуу жоготууларга учураганын мойнуна алды

Би-Би-Синин орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар Украинада акыркы суткада, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу кыскача айтып беришти.

Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадагы “атайын операциянын” жүрүшүндө Орусия “олуттуу жоготууларга” учураганын билдирди. Ал каза болгондордун, жана башка жоготуулардын так санын айткан жок.

Мындан тышкары Песков Украинадагы “атайын операция” жакын арада – балким, бир нече күндө бүтүшү мүмкүн деп . Бул НАТОнун берген баасына карама-каршы келет: альянстын баш катчысы дүйнө согуш узакка созулуп кетиши мүмкүн экенине даяр болушу керек деп билдирди.

ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин макулдашты. Анда орусиялык көмүрдү импорттоого тыюу салуу камтылган.

АКШ Сенаты Орусиянын мунай импортуна тыюу салууну бир добуштан колдоду.

Украин бийликтеринин айтымында, орус аскерлери Киев, Чернигов жана Сумы облустарынан чыгып кетишкен.

Бучада орус аскерлери шаарга жайгашып турганда карапайым тургундар набыт болгонун далилдеген жаңы видео пайда болду.

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке катышуусун убактылуу токтотту. Орусия Кеңештен эрте чыгып кетти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги санкцияларга жооп катары Австралиянын 228 жаранына жана Жаңы Зеландиянын 130 жаранына, анын ичинде өкмөт башчылары менен парламент мүчөлөрүнө Орусияга кирүүгө тыюу салды.

Украина Стамбул келишимдеринен чыгып кеткен Орусия менен жаңы келишим долбоорун сунуштаганын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, азыр украин тарап Крым менен Донбасс маселесин Путин менен Зеленскийдин жолугушуусунда талкуулоону сунуштап жатат, бул “кабыл алынгыс”.

НАТО Украинага аскердик жардамын көбөйтөт. Уюмдун жетекчиси Йенс Столтенбергдин айтымында, буга альянстын бардык мүчөлөрү макул болушкан. Бирок, Кулеба менен президент Зеленский талап кылган бронетранспортерлорду же авиацияны жеткирүүгө сөз жок. Кошумчалай кетсек, Евробиримдик менен Канада Украинага кошумча аскердик жардам көрсөтүүнү жарыялашкан – тиешелүүлүгүнө жараша 550 миллион доллар жана 400 миллион доллар.

Яндекс.Метрика