Сооронбай, Асылбек Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылат
Бүгүн, 16-декабрда Жогорку сотто Ош шаардык сотунун губернаторго, премьер-министрге, өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековго жана спикер Асылбек Жээнбековго моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 250 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү жөнүндө чечимин аткарбаганы үчүн 4 жыл жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясий туткун, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы Абдилат Капаровдун доо арызын кароо башталды. Бул тууралуу Абдилат Капаровдун адвокаты Эркин Саданбеков журналисттерге билдирди.

“2020-жылдын 5-6-октябрында Жээнбековдордун коррупциялашкан үй-бүлөлүк – кландык башкаруусу алмашып, өлкөдөгү саясий климат өзгөргөндөн кийин, мыйзамсыз соттолгон милициянын полковниги Капаров түрмөдөн бошотулуп, сот адилеттигин калыбына келтирүү боюнча сот бийлигинин жогорку органына кассациялык даттануу менен кайрылды”, – деп түшүндүрдү адвокат.
Адвокат соттук коллегия жабырлануучулар сот залына келбей калгандыгына байланыштуу процессти 2021-жылдын 12-январына жылдыргандыгын, А.Капаровдун аларды сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырганын билдирди.