Жаңылыктар

Сооронкулова: «ГРСти ИИМге кошуу бул келесоонун иши»

Президенттикке талапкерлигин койгон жалгыз айым саясатчы Клара Сооронкулова социалдык тармактагы баракчасына өкмөттөгү болгон кыскартуулар боюнча төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

«Мамлекеттик органдарды реформалоо- бул ой келди жойуу, бириктирүү же кыскартуу эмес. Ар бир структуранын жарандарга, коомго карата канчалык пайдалуусун, керектүүсүн изилдеп, ашыкчасын алып, жетишпегенин толуктоо. Мисал, саламаттык сактоо министрликтин негизги функциясы- сапаттуу медициналык тейлөөнү уюштуруу жана камсыздоо.

Ар бир бөлүмүнүн, ар бир кызматкеринин кылган ишин анализдеп, пайдасы жокторун жоюп, натыйжалуу иштей тургандардын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарыл. Көпчүлүгү жөн эле кагаздын санын көбөйтүүдөн башка, кыйраткан иши жок. Социалдык камсыздоо менен саламаттык сактоону бир министрликке бириктирүү бул акылсыздык, анткени эки башка тармактар, аткарган функциялары да бөлөк. Социалдык камсыздандыруу министрлигин өз алдынча коюп, аны даректүү иштешине көнүл буруу керек. ГРСти ИИМге кошуу бул келесоонун иши. Багыттары эки башка органдар- бири тартиптүүлүктү камсыздаса, экинчиси- тейлөөгө багытталган. Тармактык бөлүү принциби сакталбаса анык башаламандык болот.»

Яндекс.Метрика