Жаңылыктар

Спецназ Дөө Чыңгызды кармоо үчүн анын айылына жөнөп кетти

Бүгүн, 8-июль күнү Бишкекте кримтөбөл Дөө-Чыңгыз отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгарды. Бул тууралуу Кактус медиа жазды. Маалыматка ылайык, окуя Карагул Акмат (7-апрель көчөсүнүн уландысы) көчөсүндөгү «Панорама» багыты тарапта болгон.

Дөө-Чынгыздын унаасы Фрунзе супермаркетинин жанына токтоп турган. Алдын ала маалымат боюнча, кримавторитет өз адамдары менен белгисиз адамдар менен жолугушууга келген, натыйжада ок атышуу болгон.

УКМКнын “Альфа” атайын отряды Дөө-Чыңгыз каймана аты менен таанымал кримавторитет Чыңгыз Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Ичке-Суу айылында кармоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, Бишкектин четиндеги атышуудан кийин Дөө-Чыңгыз өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылына качып кеткен. Атайын күчтөр дароо анын артынан жөнөштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кримавторитет каршылык көрсөтүүдө – ал адамдары менен спецназга карай ок чыгарган.

Ошондой эле маалымат булактары Чыңгыз Жумагулов опузалап акча талап кылган деп айыпталып жатканын кошумчалашты: кафенин ээси укук коргоо органдарына Дөө-Чыңгыз жана анын адамдары кечээ күнү коркутуп, бизнестен үлүшүн талап кылышканын билдирген.

Чыңгыз Жумагулов 2020-жылдын 8-июнунда бейбаштык беренеси менен 5 жылга камакка алынган. 2021-жылы июль айында мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулган.

Яндекс.Метрика