Дүйнөдө

Стамбулда турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кызынын бетин, мойнун кесип салды

Стамбулда эркек киши турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыздын мойнун жана жүзүн кесип салган.

Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды. Белгиленгендей, окуя мейманканалардын биринде болгон. Милиция кызматкерлери мейманкананын бөлмөсүндө мойну жана бети кесилген 28 жаштагы кыргызстандык аялды табышкан.

Аны коштоп жүргөн 40 жаштагы Кадыр аттуу адам ал өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирген. «Ал мени алдады деп айыптады. Ошондон улам ортобузда чыр чыкты. Анан ал душка кирип, сыранын бөтөлкөсүн сындырып, өзүн-өзү кесип, өз жанын кыюуга аракет кылды… Мен дароо анын артынан түшүп, аны сактап калууга аракет кылдым. Ал мени жек көрөм деп кыйкырып, менден качып кетти», — деди ал киши сурак учурунда.

Кыргыз аял бул көрсөтмөлөрдү четке какты. Анын айтымында, ал Кадыр менен үч айдан ашык убакыттан бери тааныш. Ал турмушка чыгууну сунуштаган, бирок ал баш тарткан.

Кадыр анын паспортун тартып алган. Ошол күнү экөө кайрадан жаңжалдашып, эркек аны өлтүрүүгө аракет кылган. Кылмышка шектүүгө карата ТР Кылмыш-жаза кодексинин «Атайылап киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал камалып, кийинчерээк кармалган жаран өз арызы менен жана белгилүү аралыкта кыргызстандык аялга жакын жолотпоо менен бошотулган.

Яндекс.Метрика