Жаңылыктар Саясат

Султанбеков: «Акылбек Жапаров менден өч алгысы келип жатат»

Буга чейин Конституциялык кеңеште Жогорку Кеңешке депутат болуп келе тургандардын жаш курагы 25тен жогору болсун деген сунуш айтылган болчу. Социал демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков бул депутат Акылбек Жапаровдун өч алуусу экенин жазып чыкты.

«Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Конституциялык кеңеште депутаттардын жаш курагын 21ден 25ке көтөрүү сунушун айтты.

Албетте, анын бул сунушу мага каршы экенин билдирет. Буга чейин 25 жашка чейинки бир дагы депутат болгон эмес. Менден өч алуу үчүн Конституциядагы бир топ статьяларды өзгөртүп эмне кереги бар? Мындай жол менен мени токтотом деп ойлобоңуз.
Акылбек Жапаровдой адамдар менден корккондугунан бизди токтотууга аракет кылып жаткандары биз үчүн жакшы көрүнүш. Корккула.»

Учурда Темирлан Султанбековдун жашы 22де.

Яндекс.Метрика