Окуялар

Сулуу сулуу эмес,сүйгөн сулуу деген ушулбу?

Убакытты токтотууга эч кимдин күчү жетпейт тура. Бул окуянын өткөнүнө бир канча жыл өтсө да алигиче көз алдымда турат. Ал кезде менин “Урунарга тоо,урушарга жоо таппай” оюн-күлкүгө мас болуп жүргөн кезим. Кесибим милиция болгондуктан көп жерди кыдырып,көп адамды текшерүүдөн өткөрчүмүн. Ушундай кызыктуу күндөрдүн биринде мен бир окуяга туш болдум.

Адатыбызча жол  тосуп чоң жолдо турган элек,кыш мезгили болгондуктан көптөгөн айдоочулар жол эрежесин сактабай,текшерүүлөр күчөп жаткан кез эле. Улам машиналарды токтотуп жатканбыз,кыпкызыл машина бизден өтүп барып токтоду. Жанына барып документтерин көрүп жаткам,негедир абдан сулуу айым көзүмө тигиле түштү. Ошол замат атын сурап тийише баштадым,аты Кымбат экен. Номерин да сураганга жетиштим. Ал да мени жактыргансып номерин керек болсо үйүнүн дарегин да айтып койду.

Ошентип  ал экөөбүз жолуга баштадык. Мен аны сүйүп калгандыгымды билдирдим,ал да мага өз сезимин айтты.  Бирок негедир ал мага өзү жөнүндө сураба да эскертип койду,мен айла жок унчуга алчу эмесмин. Көрсө жаштык кылыптырмын. Сүйүүнүн азгырыгы экен. Аны көрбөй калсам чыдай албай,бат-баттан телефон чалып,жолугууну сурана берчимин.  Эсептесем төрт жыл бирге жүрүптүрбүз. Ошол төрт жылда мен ага квартира сатып бергенге,ал эле эмес оозунан чыкканын баарын алып бергенге жетишиптирмин. Анан убагы келди деп бир күнү кыпкызыл роза букет роза жасап алып мен аны ресторанга чакырдым да   үйлөнүүгө сунуш киргиздим. Ал мага макул болуп,мени абдан сүйүнттү.

Ошентип ошол күнү мен сатып берген квартирада чогуу түнөп калдык,түнү менен ичип катуу уктап калыптырмын,ошол күнү айылга кетмекпиз. Эшикти бирөөлөр каккылап жатканынан турсам мен тааныбаган адамдар мени үйдү бошотуумду өтүндү. Мен жинди болуп калгансыңар го деп тилдеп жаткам, анан эле бир апамдай болгон эже “Ай бала көп сүйлөбөй бошот үйдү,биз сен менен эмес Айсалкын менен сүйлөшүп койгонбуз” дегенде кайрадан кайсы Айсалкын деп сурадым эле ал мага Кымбаттын сүрөтүн көргөздү. Мына ошондо Кымбаттын жок экенин билип анан барып башыма жетип,кечирим сурап,күтүп тургула телефон чалайын дедим. 

Чалсам албай койду, тигилер да документти көрсөткөндө айла кийнип эшикке чыгып кеттим.  Чыксам машинамда жок,бир чети таң калып бир чети  жиним келди. Ошентип анын дарегин толук билбей ызаланып кала бердим.  Билинбей мынтип жылдар өттү, Кымбатты жоготконума ичип ачышып,бир чети жиним келип жүрө бердим. Баары өзгөрдү,арадан эки жыл өткөндөн кийин аталаш агам үйлөнөм деп калды,мурунку аялы менен биротоло ажырашып кетиптир. Тойго камынып,айылга жөноп калдым. Келин келээр маалда абдан чурулдап-урулдап күтүп жатышты. Баарынын оюнда энесинен башка эч ким өппөгөн жаш кыз деген кызы да келди. Мен аны машинадан түшүрүп жатканда эле тааныдым. Ал бир кезде менин сүйүүм,жүрөгүмдү алдаган Кымбат эмес Айсалкын экен. А ал болсо мени көрсө да көрмөксөнгө салып койду. Ошентип агам алданып кыз алдым деп мактанып жашап жатты,а мен билсем да тилимдин кыскалыгынан айталбай койдум. 

Айсалкындын мени көрүп бети кызарып да койгон жок,кайра атымды сурап таанымаксан болгондо аябай ызам келди. Көрсө мен ал убакта аны сүйүп калып ал үчүн баарына даяр экенимди билгизип койгондо жөн эле пайдаланып жүрүптүрда. Суранаарым сүйүүнүн кадырын билсек.

Яндекс.Метрика