Жаңылыктар

Сурабалдиева ак сакалды кечирип, андан кечирим сурады

9-октябрь күнү болгон башаламандыкта депутат Эльвира Сурабалдиеванын аркасынан келип кол салган абышка кийин чыгып элге кайрылуу жасаган эле. Анда интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жүрүп, бири депутатты коргоп «кыз кишини урганга акысы жок» дешсе, башка бөлүгү «туура кылган сабап салыш керек болчу» деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.

Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына абышка тууралуу мындай пикир калтырды.

«Аксакал ата неудобный болуп жатат го.. Атаке, кейибеңиз. Мен кечирдим. Мени да кечириңиз, мындай болуп кетерин билсем, ошол күнү трибунага чыкпайт элем. Актана тургандай сөз да жок. Алдандык жаштар, эскилер эскиче ойноп кетишти. Бирок, жаркын келечек үчүн 05.10.2020 аянтка келгендердин астында сүйлөгөн сөзүмөн кайтпаймын. Акыйкат үчүн күрөш да, үмүтүм өчпөйт. Иштебиз. ❤️

#Барболгула
«

Яндекс.Метрика