Саясат

Сурабалдиева: «Каргап-шилеп жазганыңарды Садыр Жапаровго көргөзөм»

Эли өкүлү Эльвира Сурабалдиева өзүнө карата интернетте каргап-шилеп, жаман сөз жазгандардын баарын чогултуп, скриншот кылып алып Садыр Жапаровго барып көрсөтөрүн билдирди.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: (билдирүү өзгөртүлбөй берилди)

«Каргап-шилеп жазган сообщение, скриншотторду, интернеттен коркутуп-үркүткөн комментарийлерди чогултуп, Садыр Жапаровдун өзүнө көргөзөмүн. Анан эмнеге авабызды чуркап барып, чалынып, колдобой жатасыз деген суроого жообу болсун. Кызык эле адамдарбыз, туугандар. Күлөйүн десем, ыйлагың келет. Мынтип отурсак, эч ким жеңбейт. Кыргызстан утулат. Иштесин, мейли, деген парламентти да тепкиледиңер, мыйзамды сактайлы деген депутаттарды да жемеледиңер. Жакындарыңарга айкыргандай, интернеттен чочундар менен тытыштыңар го? Достор, же ары, же бери болгулачы ай деп чарчагандар, ойлоно турган убакыт келди — насильно мил не будешь, надо разговаривать.

Фабрика троллей эмне дегенди акыркы жумада далилдеп бердиңер. Токтоткула. Кошуна өлкөлөргө шылдың болуп бүттүк. Уят эле. Калгандарынын жүрөгү түшүп, эсине келе албай жатат. Улууну сыйлаган, кичүүнү урматтаган кыргызым кайда кетти? 😔

«

Яндекс.Метрика