Кызыктуу

Сурабалдиевага кол салган ак сакал 176 миң сом айып пулду төлөбөй жүрөбү?

Абышка өзүнүн Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасы менен жол эрежелерин бузуп, айып пулдун көлөмү 176 миң сомго чыккан. Ал жалаң миң сомдук жана 3 миң сомдук айыпка жыгылган. Бул тууралуу «Беспредел» баракчасы жазып чыкты.

Бул ак сакал Конституциялык кеңешменин курамына кирген. Өткөн жылдын декабрь айында кезектеги жыйында Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов менен чырдашып кетип, аны сөгүп, «сендейлерди атып салыш керек» дегени менен белгилүү. Мындан тышкары ал октябрдагы төңкөрүштөн кийинки башаламандыкта Ала-Тоо аянтына митингге чыккан эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеванын аркасынан келип кол салган.

Яндекс.Метрика