Жаңылыктар

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Ош шаарынын тургундары кайсы партияга ишеним көрсөтүштү?

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ош шаардык кеңешине 11 партия ат салышууда. «Like.kg» маалыматы сайты шаар тургундарынын тандоосу менен кызыгып көрүп «Ош шаардык кеңешин шайлоодо кайсы партияга добуш бересиз?» деп сурамжылаган.

Сурамжылоо 25 күн бою созулуп, жалпы 6 миңден ашуун адам катышкан. Жыйынтыгында «Улуттар биримдиги» саясий партиясы алдыга озуп чыкса, экинчи орунду «Бүтүн Кыргызстан» партиясы ээлеген.  Төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгын сунуштайбыз:

Сурамжылоо дагы да жүрүп жатканын эске салабыз жана ал 10-апрель күнү жыйынтыкталат. Сурамжыоого катышуу үчүн төмөндүгү шилтемени басыңыз.

Яндекс.Метрика