Билип ал

Суукта смартфонду кантип туура колдонуу керек

Алдыда суук айлар келе жатат. Смартфонду суукта кантип туура колдонуу керек экенин билип алыңыз.

Смартфонуңузду мүмкүн болушунча денеге жакын кармаңы

Бул күрмөнүн ички чөнтөгү же шымдын алдыңкы чөнтөгү болушу мүмкүн. Суукта, смартфонду сыртта азыраак кармаңыз. Суюк кристаллдар тоңуп калышы мүмкүн. OLED панелдеринде мындай көйгөй жок, бирок алар дагы өтө суук шарттарда иштөөгө ылайыкташтырылган эмес. OLED экрандар көбүнчө Самсунг телефондордо болот.

Батареяны сууктан сактаңыз

Сыртта узак убакытка жана иштебей турган унаада смартфондорду калтырбаңыз. Суукта телефондук аккумулятору бат түгөнөт. Эшиктен жылуу бөлмөгө киргенде смартфон бууланып тердейт, ал учурда аны колдонбой туруу керек жана дароо кубаттаганга болбойт.

Коргоочу кутучаны сатып алыңыз

Бул аны музга түшкөндө сактап кала алат. Көбүнчө мындай нерсе ээси өзү тайгаланып жыгылганда болот. Кайыштан жасалган куту сууктан сактайт.

Кээ бир смартфондор суук -20 градустан ашканда өчүп калат, андыктан аны узак убакытка суук жерде колдонбоңуз. Эгер сууктан өчүп калса дароо күйгүзгөнгө аракет кылбай аны жылуу бөлмөгө алып келип 2-3 саат өткөндөн кийин гана жандыруу керек.

Яндекс.Метрика